Ссылки доступа

Беларусияда тажик оппозиционери бошотулду


25-сентябрда литва-беларус чек арасында кармалган тажикстандык оппозиционер жана журналист Фарход Одинаев Гродно шаарындагы убактылуу тергөө абагынан бошотулду. Буга чейин Беларусия аны Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

"Фарход Одинаев телефон аркылуу адвокаты менен кыска сүйлөшүп, жакындары менен абактын аймагынан чыгып кетти. Эми анын кайда барса өз эрки", – деди Human Constanta уюмунун кызматкери Наста Лойка.

42 жаштагы оппозиционер өз өлкөсүндө тыюу салынган уюмду жана экстремизмди колдогон деген шек менен изделүүдө. Одинаев Орусиянын жана Тажикстандын жараны. Мурда “Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү болгон. 2013-жылы бир нече ай Москвада жайгашкан оппозициялык маанайдагы Safo TV телеканалын жетектеген.

7-октябрда 11 эл аралык укук коргоо уюму Фархад Одинаевди Тажикстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен беларус бийлигине кайрылган.

Видео

XS
SM
MD
LG