Ссылки доступа

Ташкентте беш жаштагы кызын өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген жубайлар кармалды


Ташкентте беш жаштагы кызын сабап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген жубайлар кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратура Telegram-каналы аркылуу кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-ноябрда жергиликтүү тургундардын бири укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, шаардагы соода борборлорунун биринде беш жаштагы кызын жоготуп алганын билдирген.

Бирок тергөөчүлөр суроо берип баштаганда ата-эненин көрсөтмөлөрү шек жаратып, ыкчам-тергөө иштери башталган. Анын жыйынтыгында 25-октябрда жубайлар спирт ичимдигин ичип, андан соң кызын сабап өлтүрүп коюшканы аныкталган. Кылмыштин изин жашыруу үчүн алар кыздын сөөгүн Ташкент облусундагы ижарага алынган дачага алып барып, өрттөп, дарыяга салып жиберишкен.

Тергөө иштеринин жүшүндө укук коргоо органдары буюм далилдерди табышкан. Шектүүлөр учурда камакта.

XS
SM
MD
LG