Ссылки доступа

Казакстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берүүдө


Казакстандын расмий өкүлдөрү бүгүн 7-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсесинде өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча отчет берүүдө.

Казак делегациясын өлкөнүн юстиция министри Марат Бекетаев баштап барды.

Бул Казакстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги үчүнчү улуттук баяндамасы. Биринчиси 2010-жылы февралда, экинчиси 2014-жылы 30-октябрда жасалган.

Андан бери казак өкмөтү өлкөдөгү кыйноо учурлары менен аялдарга карата зомбулукту токтотуу, сөз эркиндигин камсыз кылуу сыяктуу БУУнун бир катар сунуштарын аткарышы керек болчу.

Өткөн жумада HRW уюму Токаев сентябрдын башында адам укуктарын коргоону күчөтүүгө, сот жана укук коргоо системаларын реформалоого убада бергенин эске салган. Бирок Казакстанда мурдагыдай эле нааразылык акциялары учурунда адамдарды кармоо уланып жатканы айтылган.

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордун баскан Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал президент болуп шайлангандан кийин митингдер тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыга турганын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG