Ссылки доступа

Кытайдын Кыргызстандагы «көзү» (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кытайдын Кыргызстандагы «көзү». Бишкекте биринчи жолу адамдын ким экенин жүзүнөн тааный алган камералар иштей баштады. Кытай бул технологияны Кыргызстанга эмне үчүн бекер берди? Эмне үчүн жарандык активисттер бул системага мораторий жарыялоону талап кылышууда? (Директтен видео)

- Сурамжылоо: 7-ноябрь кандай майрам? Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган. "Азаттыктын" кабарчысы Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кыдырып, бул күн тууралуу суроолорду узатты. (Директтен видео)

- Экстремизмдин тору, энелердин шору. Балдары Сирияга кеткен энелер “Азаттык” радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар кыргыз бийлигинен согуш баскан өлкөдөн уул-кыздарын алып келип берүүнү өтүнүшөт. (Директтен видео)

- Калыгулдун ФАПта окуган балдары. Чүй районундагы Калыгул айылында эчак авариялык абалга жеткен Тынымсейит Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Татыктуу билим алууга туура келбеген шартта балдарын окуткусу келбеген айылдыктар балдарын башка мектептерге которууга аргасыз. (Директтен видео)

- Казакстандын Сенаты Украина менен түзүлгөн экстрадиция тууралуу келишимдин ратификациясын жактырды. (Казакстандан видео)

- Хорезмде журналист Давлатназар Рузметовду унаа сүзүп кетип каза болду. (Өзбекстандан видео)

- Кадыров интернетте «ар-намысын кемсинткендерди» «камоого жана өлтүрүүгө» чакырууда. (видео)

- Тажикстандагы акыркы беш жыл ичинде жасалган экстремисттик чабуулдар​. (видео Директ)​

- Азия: Конституцияга 25 жыл – Тажикстандын баш мыйзамы кандай өзгөргөн? Тажикстанда чек ара тозотуна чабуул болду: эки күч кызматкери каза болуп, 15 согушкер өлтүрүлдү. Өзбекстанда интернет арзандайт. (Настоящее время)

- Душанбеде экстремисттердин кол салуусу маалында курман болгон чек арачы жерге берилди. (Тажикстандан видео)

- Самаркандда жергиликтүү жана түрк жумушчуларынын ортосунда жапырт мушташ болду. (Өзбекстандан видео)​

- Тажикстан: чек ара тозотундагы кол салуу. (сүрөт баян)

- Блогерлер – Казакстан менен Беларустагы интернет эркиндиги тууралуу пикирлерин билдиришти. (видео Директ)​

- Тажикстанда Орусияга көчүп кетүүнү каалаган жарандар көбөйүүдө. (Тажикстандан видео)

- Казакстандагы пластикти кайра иштетүү көйгөйү. (Казакстандан видео)​

- Казакстандык жаран товарларды казакча маркировкалабаганы үчүн супермаркет менен соттошууда. (Настоящее время)

- Нур-Султанда кудукта каза болгон жумушчулардын иши сотко жетти. (Казакстандан видео)​

- Табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлө жарым-жартылай урап калган үйгө кайтып келди. (видео)

- Кыргызстанда аялдар саясий активдүүлүккө даярбы? (видео Директ)

- «Эгемен Рунет» тууралуу мыйзам кандай иштейт? (видео Директ)

- Каспаров путиндик режимдин кулашынын шарттарын айтты. Оппозициячы Гарри Каспаров Берлин дубалынын кулатылышы жана кансыз согуштун сабактары тууралуу пикирин билдирди (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG