Ссылки доступа

Өзбекстанда бийликти сындап жүргөн журналистти автоунаа сүзүп кетип каза болду (видео)


Журналист Давлатназар Рузметов (Давлат Назар).

6-ноябрда Өзбекстандын Хорезм облусунда сын макалалары менен белгилүү журналист Давлатназар Рузметовду (Давлат Назар) автоунаа сүзүп кетип каза болду.

В Хорезме машина насмерть сбила журналиста Давлатназара Рузметова
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Кесиптештеринин айтымында, ал күнү Давлат Назар эки досу менен кафеде отуруп, алдыда жаза турган макалаларын талкуулашкан. Андан соң таксиге отуруп, үйүнө кеткен. Азырынча журналисттин таксиден кайсыл жерден түшкөндүгү жана эмнеге автомагистралга барып калгандыгы белгисиз.

Давлат Назар акыркы кездери анын артынан аңдуулар көбөйгөнүн айтып, убактылуу Ташкентте жашап турууну чечкен. Бир жума мурда ал кайра Хорезмге кайтып келген.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы журналист жол кырсыгынын курмандыгы болгонун, учурда бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, журналистти алып кеткен такси айдоочусу суракка чакырылып, аны сүзүп кеткен унаанын айдоочусу камакка алынды.

48 жаштагы журналист буга чейин Хорезм облусундагы «Жаштар үнү», «Хорезм жаштары» гезиттеринде иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында «Жамият» деген социалдык-саясий гезитте кабарчы болуп жүргөн.

Мындан тышкары журналист «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий окуялар боюнча өз пикирин билдирип, активдүүлүгүн көрсөтүп келген. Акыркы эки жылдын ичинде сын макалалары жана көз караштары үчүн бир нече жолу камалып чыккан. 5-октябрда пахта талааларындагы мажбурлап иштетүү темасын чагылдырып жүргөн маалда кармалып, милиция бөлүмүндө беш саат сурак берип чыккан.

Видео

XS
SM
MD
LG