Ссылки доступа

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси тажик президентин сөз эркиндигин камсыздоого чакырды


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Швейцариянын Цюрих шаарында жолугуп, «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине аккредитация берүү маселесин көтөрдү.

Флай эл аралык радио журналистиканын эң жогорку стандарттарын карманаарын, өкмөттүн коркутууларынан улам ал стандарттарга шек келтирбей турганын белгиледи.

Ошондой эле эгер «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттеринин аккредитация маселеси тез арада чечилбесе, радиого Тажикстандагы ишмердигин кайра карап чыгууга туура келерин белгиледи.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу өз журналисттеринин тандалма аккредитациядан өткөрүлүшүнө же кыска гана убакытка уруксат берилишине макул эмес», - деди Флай.

Өз кезегинде тажик президенти радионун ишинин маанилүү экенин белгилеп, анын Тажикстанда иш алып баруусун каалай турганын айтты. Мындан улам «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин журналисттерге каршы опузаны токтотууга чакырды.

31-октябрда Тажикстандын бийлиги «Азаттыктын» тажик кызматынын баш-аягы 20 кызматкеринин аккредитация алуу тууралуу өтүнүчүн жарым жартылай гана канааттандырган. Ага ылайык, алты кабарчыга алты айга, бирөөнө үч айга гана аккредитация берилген. Ал эми 11 кабарчыга аккредитация берилген эмес.

Тажик мыйзамдарына ылайык, эл аралык медиа каражатына иштеген журналисттер жыл сайын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен иштөөгө уруксат алып турушу керек.

Тажик бийлиги аккредитация берүү эрежесин көз каранды эмес маалымат каражаттарынын ишмердигин чектөө үчүн колдонгону буга чейин да байкалган. 2016-жылы «Азаттыктын» тажик кызматы президент Рахмондун кыздарынын бири жаңы кызматка дайындалганы тууралуу жазып чыккан соң алты журналистинин аккредитациясы жокко чыгарылган.​

XS
SM
MD
LG