Ссылки доступа

Сирияга кеткендердин жакындары президентке кайрылышты


Балдары Сирияга кетип калган кыргызстандык энелер жана алардын туугандары «Азаттык» радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты. Алар адашкан балдарын, неберелерин жана туугандарын аман-эсен мекенге алып келип берүүнү өтүнүп жатышат.

Мамлекет башчыга үмүт арткандардын айтымында, уул-кыздары, туугандары Сириядагы баш калкалоочу лагерлерде оор-шартта күн кечиришүүдө. Телефондон байланышка чыгып, мамлекеттен жардам күтүп жатканын билдиришкен.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер, көбүнүн балдары бар.

Сирияда 2011-жылы оппозиция менен бийликтин тирешинен башталган башаламандык диний экстремисттик топторго шыкак берип, апаатка айланды. Миллиондогон сириялыктар башка өлкөлөргө бозгун болуп кетти.

Кыргыз өкмөтү ал Ирактагы жана Сириядагы кыргызстандык аялдарды, балдарды алып келүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG