Ссылки доступа

АКШ президенти Дональд Трампка $2 млн айып пул салынды


Trump Foundation фондунун ардагерлерге акча топтоо иш-чарасы (архив сүрөт)
Trump Foundation фондунун ардагерлерге акча топтоо иш-чарасы (архив сүрөт)

Нью-Йоркто сот АКШнын президенти Дональд Трампты бир катар коммерциялык эмес уюмдарга эки миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Мамлекет башчы Trump Foundation кайрымдуулук фондун өзүнүн саясий жана ишкерлик кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн колдонгон деп айыпталган.

Президентке каршы доо арызды Нью-Йорктун Башкы прокуратурасы 2018-жылы жайында жазган. Анда Трамп «Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу» мыйзамды бузгандыгы жазылган. Доо арызда фонддун жардамы менен топтолгон дээрлик 3 миллион доллар 2016-жылы Трамптын шайлоо өнөктүгүнө колдонулганы белгиленген. Прокуратуранын версиясына ылайык, мындан тышкары президент ал каражаттын бир бөлүгүн жеке керектөөлөрү үчүн дагы пайдаланган.

Трамп фонддун каражатын башка максатта пайдалануу боюнча чечимди жеке өзү кабыл алганын билдирген.

Өткөн айда Трамптын юристтери менен Нью-Йорктун Башкы прокуратурасы Trump Foundation фондун таркатуу жана анын эсебиндеги каражатты (бир жарым миллион доллардан ашык) башка коммерциялык эмес уюмдарга берүү тууралуу макулдашкан.

Маалыматка караганда, Трамп төлөй турган айып пул менен Trump Foundation фондунун каражаты сегиз коммерциялык эмес уюмга теңме-тең бөлүштүрүлүп берилет. Алардын арасында муктаж адамдарга бекер тамак-аш таратуу жана афроамерикалыктардын окууларын каржылоо менен алектенген уюмдар, ошондой эле Холокост курмандыктарын эскерүү музейи бар.

XS
SM
MD
LG