Ссылки доступа

Түркмөнстанда укук коргоо органдары кумсалык үчүн жазалангандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө


Түркмөнстанда укук коргоо органдары кумсаларды чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун тушунда гомосексуал болгону үчүн армияга чакырылбаган кишилер да “маектешүүгө” чакырылууда.

5-ноябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевге катуу сөгүш жарыялаган. Өкмөттөгү өз булак кабарлагандай, “президент түркмөндөр үчүн уяттуу окуя чет өлкөлүк басылмаларга жарыяланганына ачуусу келген”. Бердымухамедов кумса медицина кызматкери экенине нааразы болгон.

Түркмөнстанда кумса экенин ачык айткандан кийин дайынсыз жоголгон 24 жаштагы дарыгер 6-ноябрда табылып, ага чейин ”Азаттыктын” түркмөн кызматына айткандарынын баарын төгүндөгөн.

Ашхабадда кардиолог болуп иштеген Касымберди Гараев ”Азаттыкка” сентябрдын аягында кайрылган болчу. Ал Түркмөнстанда жыныстык азчылыктын өкүлдөрүнө карата мамилени өзгөртүш үчүн өзү ачыкка чыгууну чечкенин айткан.

Жеке коопсуздугу үчүн анын маеги Камил аттуу адамдын атынан жарыялангандан кийин өлкөдө күч органдары жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, алар эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

XS
SM
MD
LG