Ссылки доступа

«Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду (видео)


Бишкекте өрт чыккан «Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду. 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен үч жаш бала дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жиберилди.

Тогуз адам №4 травматологиялык ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жарылуудан кийинки өрт толук өчүрүлгөн.

Бүгүн, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда жарылуунун себептери такталууда.

Видео

XS
SM
MD
LG