“Азаттыктын” өзбек кызматынын жеке булактары кабарлагандай, кызматтан алуу жараяны – өзбек түрмөлөрүндөгү жана абактарындагы кыйноо, киши өлтүрүү, айрым кишилерди ири акчага бошотуп жиберүү жөнүндөгү маалыматтардан кийин башталды.
ИИМдин тергөө абагынын 9 кызматкери 2000 долларга күн сайын соттолуучуларга милиция формасын кийгизип, үйлөрүнө жеткирип турган. Алардын арасында президент тарабынан куугунтукталган мурдагы аткаминерлер да болгон. Бул тазалоого негиз болду, – деди өз булактардын бири.
Өзбекстан ИИМинин кызматкеринин бири жумуштан бошотулгандарга карата “Кызматтык шалаакылык” беренеси боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.