Ссылки доступа

БУУ Душанбени кыйноого алынган эки жаранга компенсация төлөөгө чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети тажик өкмөтүн түрмөдө кыйноого кабылган Илхом Исмонов жана анын психологиялык жактан жапа чеккен аялына компенсация төлөп берүүгө, алардын укугун бузгандарды жоопкерчиликке тартууга чакырды.

2010-жылы сентябрда жанкечти Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Хоженттеги бөлүмүнүндө террордук чабуул жасап, өзүн унаасы менен кошо жардырып жиберген. Кол салуу учурунда төрт киши мерт болуп, 26сы жаракат алган. Алардын арасында бешөө жай тургун болгон.

Илхом Исмонов кылмыштуу топту түзгөн жана терактка катышы бар деген айып менен кармалып, 8 жылга соттолгон. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылып, терактка катышы жок экенин, түрмөдө ага кыйноо колдонулганын – электр тогуна туташтырып, баспай калганча сабашканын айткан.

БУУнун эксперттери арызды карап чыгып, Илхом Исмонов менен анын аялы Зарина Нажмидинованын укуктары бузулган деген бүтүмгө келишти.

Тажикстан бийлиги кыйноо фактылары болгонун мойнуна алып, мыйзам бузган эки милиция кызматкери жоопкерчиликке тартылганын билдирген. Бирок тартип сакчылары кандай жаза алганы айтылган эмес.

Видео

XS
SM
MD
LG