Ссылки доступа

Түркмөнстан ИИМинин кызматкерлери арыктоого милдеттендирилди


Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири кызматкерлердин салмагына байланыштуу.

Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек.

"Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин арыктай албагандар, чинине карабай кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болору тууралуу бардык полиция бөлүмдөрүнө эскертүү берилген", – деди “Азаттыктын” кабарчысы.

Учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери дене тарбия машыгуулары менен алектенишүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG