Ссылки доступа

Өзбекстанда маичилер менен жаңжалдашкандан кийинки жарандын өлүмү иликтенүүдө


Өзбекстанда прокуратура Каракалпакстан районунун Кунград районунда МАИ кызматкерлери менен урушкандан кийин белгисиз жагдайда мерт болгон 31 жаштагы Насимжон Халиковдун өлүмүн иликтөөнү баштады.

Окуяга күбө жүргүнчүлөрдүн айтымында, Насимжон Халиков 12-ноябрь күнү кечинде каза тапкан.

– Казакстанда Орусиядан келе жаткан досубуз Отабектин автоунаасы бузулуп калган. Ал Насимжонго чалып, Каракалпакстандагы чек арадан алып кетүүнү сураган. Түнчүндө Отабек жана башка дагы бир жүргүнчү менен кайтып келе жатканда автоунааны Кунграддын маичилери токтотушту, – деди анын самарканддык таанышы Сайдулло Уринов.

Инспекторлор автоунаанын «свечасы күйүп кетиптир» деген жүйө менен айып пул төлөөнү талап кылышкан. Жүргүнчүлөрдүн бири кызматкерлер менен тартыша кеткен.

– Насимжон унаадан чыгып, бул учурду телефонуна тарта баштаган. Маичилердин бири анын телефонун алууга аракет кылган, Насимжон качкан. Эки маичи аны жөө, дагы экөө машине менен кубалаган.

Анын айтымында, калган инспекторлор жүргүнчүлөрдүн бирин сабап, жарым саат кармап турушкан соң, күтүүсүз кетип калышкан. Достору Насимжонду издеп, 500 метр аралыктан кийин башы кан болгон абалда табышкан. Алар барганда өлүктүн жанында «тез жардам» дарыгерлери жана МАИ кызматкерлери болгон.

Экспертизанын баштапкы жыйынтыктары боюнча Насимжон кислороддун жетишсиздигинен улам көз жумган. Достору болсо ал ур-токмоктун курмандыгы болгонун билдиришүүдө.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен 18-ноябрда ИИМдин бир нече аткаминери жумуштан алынган. Буга түрмөлөрдөгү жана абактардагы кыйноо, уруп-согуу тууралуу арыздануулардын көп түшкөнү себеп болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG