Ссылки доступа

Казакстанда БШК референдумду демилгелеген топту каттоодон өткөргөн жок


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду демилгелеген топту каттоодон баш тартты. Топ акыркы президенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн байкоочулар тарабынан түзүлүп, шайлоо жана саясий партиялар тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү талап кылууда.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, референдум өткөрүүнү каалагандар алгач бардык аймактардан келген 510 делегаттын катышуусунда жыйын өткөрүүгө тийиш.

БШК талап аткарылбаганын, акимчиликтин маалыматы боюнча жыйынга 279 гана киши катышканын билдирип, топту каттоодон баш тартты.

Активисттер болсо чогулушка 558 киши келгенин билдирүүдө.

Референдумду демилгелеген топ пропорционалдык шайлоо системасынан мажоритардык системага өтүүнү сунуштоодо. Мындан тышкары партия түзүү үчүн талап кылынган 40 миң кишинин минималдык санын 1000 кишиге чейин түшүрүүгө үндөшүүдө.

Казакстан тарыхында эки жолу гана референдум өткөн. Экөөнү тең бийлик демилгелеген. Биринчи жолкусунда – 1995-жылдын апрелинде Назарбаевдин президенттик ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин узартылган. Экинчи жолу ушул эле жылы апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG