Ссылки доступа

Өзбекстанда баңгизатты жарнамалаган адам аныкталды


Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларына баңгизатты жарнамалаган баннерди илдирген жаран аныкталды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган адам сурак маалында мындай буйрутманы интернет аркылуу Орусиядагы блогерден алганын айткан.

Жергиликтүү ЖМКлардын кабарлашынчы, илинген баннерлерге QR-код менен сайттын аталышы жазылган. Алар баңгизаттарды саткан онлайн дүкөнгө алып барат.

Өткөн жумада Бишкек шаардык мэриясы Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги синтетикалык баңгизатты жарнамалаган баннерди алган. Калаа бийлиги буга шаар тургундары арызданып кайрылышканын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG