Ссылки доступа

Гонконгдогу шайлоодо Кытайдын каршылаштары жеңишке жетти


Гонконгдо жергиликтүү кеңештерди шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, оппозициялык маанайдагы демократиялык күчтөр добуштардын көбүнө ээ болушту.

24-ноябрда Гонконгдо 18 шаардык округдун кеңештерин шайлоо өтүп, 452 орун үчүн 1090 талапкер ат салышты.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шайлоого 2,94 миллион киши же добуш берүү укугуна ээ жарандардын 71,2 пайызы катышты.

Алдын ала жарыяланган маалыматтарга ылайык, оппозициялык маанайдагы демократиялык күчтөр 18 округдун 17синде жеңишке жетип, 452 орундун 396сына ээ болушту. Буга чейин округдар кеңешиндеги орундардын 75% ээлеп келген өкмөттүк блок болгону 42 мандат ала алды.

Жергиликтүү шайлоолор Гонконгдогу саясий күчтөрдүн таасирин өзгөртө албайт, бирок шаар бийлиги менен оппозициянын популярдуулугу үчүн маанилүү сыноо болушу мүмкүн. Адатта округдук кеңештердин мүчөлөрү районду жакшыртуу маселелери менен гана алектенишет. Ошол эле маалда алты адам округдун атынан шаардык парламентке барат. Округдук кеңештердин мүчөлөрү Гонконг администрациясынын башчысын шайлоого дагы катышат. 117 округдук депутат негизинен Кытай бийлиги тарабынан дайындалган 1200 адамдан турган шайлоочулар комитетинен орун алышат.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган.

Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG