Ссылки доступа

Казакстанда жаңыөзөндүк активисттин иши боюнча сот өкүмү өзгөрүүсүз калды


25-ноябрда Актау шаардык соту жаңыөзөндүк активист Ержан Елшибаевдин апелляциялык арызын канааттандырган жок. Ал өткөн айда «Денеге атайылап зыян келтирүү» айыбы менен беш жылга эркинен ажыратылган.

Дүйшөмбү күнү өткөн апелляциялык угууларга соттолуучу Ержан Елшибаев өзү катышкан жок. Туугандарынын айтымында, учурда ал Актау шаарындагы тергөө абагында кармалууда.

Адвокат Динара Хайруллин бул чечим боюнча кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

17-октябрда Жаңыөзөн шаардык соту Ержан Елшибаевди «Денеге атайылап зыян келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал быйыл февраль-март айларында Жаңыөзөндөгү жумушсуздардын акцияларына катышып, 24-мартта кармалган.

Соттун материалдарына ылайык, Елшибаев 2017-жылы шаардагы мушташ маалында белгисиз бир адамдын саламаттыгына зыян келтирген. Активист өзү бул айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши анын жарандык активдүүлүгү үчүн козголгонун билдирүүдө.​

Видео

XS
SM
MD
LG