Ссылки доступа

Bloomberg: Түркмөнстандагы мунайгаз кени абаны ашкере булгап келген


Спутник аркылуу жанар тоолорго байкоо жүргүзүү маалында Түркмөнстандагы мунайгаз кени абаны миллиондогон автоунаалардын деңгээлинде булгап келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги GHGSat Inc спутник компаниясына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, компаниянын баяндамасында өндүрүш метаны болжол менен Түркмөнстандын батышындагы «Корпеже» мунай кенинен чыгып жатканы белгиленген.

2010-жылы «Корпеже-Гуртгуйы» кенинде 40 миллион долларга бааланган газ иштетүү комплекси пайдаланууга берилгени кабарланган.

GHGSat компаниясынын президенти Стефан Жермендин айтымында, өндүрүштүк метандын чыгуусу 2018-жылдын башынан 2019-жылдын февралына чейин жүргүзүлгөн байкоо учурунда аныкталган. Компания дароо АКШнын, Канаданын жана Европа өлкөлөрүнүн дипломатиялык каналдарына кайрылган. Быйыл май айынан тарта метандын чыгуусу токтогон.

Бул маалыматтар боюнча Түркмөнстандын Мамлекеттик газ компаниясынан жана Энергетика министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Жакында эле өкмөттүн жыйынында өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов мунайгаз тармагынын ишин сынга алып, айлана-чөйрөнү коргоого көбүрөөк көңүл бурууга тапшырма берген.

Видео

XS
SM
MD
LG