Ссылки доступа

Казакстанда активист Дулат Агадил эркиндикке чыкты


Жарандык активист Дулат Агадилдин камактагы мөөнөтү аяктап, бүгүн Акмол айылындагы убактылуу кармоочу жайдан бошотулду.

Активист учурда Европа биримдигинин Нур-Султандагы өкүлчүлүгүнүн алдында өтүп жаткан митингге бара турганын билдирди. Аталган акциянын катышуучулары өлкөдөгү саясий туткундарды бошотуу жана «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына тыюу салуу тууралуу соттун чечимин жокко чыгаруу талабын айтып жатышат.

Агадил 13-ноябрда камактагы мөөнөтү аяктаганына бир күн калганда убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен. 15-ноябрда Башкы прокуратуранын имаратынын алдына барганда кармалып, «сотту сыйлабагандыгы үчүн» камактагы мөөнөтүнө дагы он сутка кошулган.

Активист «Азаттыктын» казак кызматына берген интервьюсунда абактан өзүнүн кармалышы жана камакка алынышына каршылык билдирүү максатында качканын билдирди.

Дулат Агадил буга чейин «митингдерди өткөрүү тартиптерин бузуу» жана «бийлик өкүлдөрүнүн буйруктарына баш ийбөө» айыптары менен бир нече жолу кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылган. Ал өзү бул айыптоолордун бардыгын четке каккан.

Активист 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо күнү «Азаттык» радиосунун казак кызматынын эфирине катышуу үчүн баратканда кармалган. Анда ал ага карата күч колдонулганын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG