Ссылки доступа

Өмүрбек Текебаев: Бажыда бүгүн да коррупция бар (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бийлик кандай реакция кылышы керек? Кыргызстандагы бажы системасындагы коррупция боюнча биргелешкен иликтөө коомчулуктун курч талкуусуна түшүп, бийликтен иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча чара көрүү талабы коюлду. Буга байланыштуу Бишкекте тынч митинг болуп, жарандар өз позицияларын билдирип чыгышты. Эми бийлик кандай реакция кылышы керек? (видео)

- Өмүрбек Текебаев: Бажыда бүгүн да коррупция бар. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бажы тармагындагы коррупция боюнча журналисттердин иликтөөсү тууралуу пикирин айтып, элдин талабын туура деп эсептейт. Текебаевдин айтымында, бажы тармагындагы жүк ташуудагы мыйзамсыз иштер азыр да уланып жатат. (видео)

- Студенттер Уланбек Эгизбаевди эскеришти. (видео)

- Человек на карте: Кыргызстандык педагог Екатеринбургда балдарды окутууда. (Настоящее время)​

- Үй-бүлөсү Кытайдагы кайра тарбиялоо борборуна жөнөтүлгөн Каракаттын баяны​. (Настоящее время)

- "Колум жок, бутум менен тигем". Бала күндөн бери ал көп ишти бутунун жардамы менен жасоого үйрөнгөн. Тажикстандагы үч баласын өз алдынча багып чоңойткон майып эне. (видео)

- Дүйнөдө аялдардын көбүн өнөктөштөрү же үй-бүлө мүчөлөрү өлтүрөт. БУУнун баяндамасына ылайык, 2017-жылы дүйнөдө 87 000 аял жана кыз өлтүрүлгөн. (видео Директ)

- Партия түзүүгө аракет кылган жарандар: «Чагымчылдыктын» артында бийлик турат». (Казакстандан видео)

- #REакция: Москвадагы мекендештердин үнү. «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Орусиядагы мекендештер пикирин билдиришти. (Директтен видео)

- Казакстанда вольфрам кенин иштетүүгө кытай компаниясы тартылды. (Казакстандан видео)​

- Бажыдагы коррупция жана элдин мүдөөсү. «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Бишкек шаарынын тургундарынын пикири кандай? (видео)

- Душанбеде биринчи кар жаады. (сүрөт баян)

- Казакстанда алты балалуу үй-бүлө дүкөн имаратында жашоодо. (видео)

- Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарган Айеркен Саймаитинин окуясы. («Азаттык», Kloop жана OCCRP иликтөөсү​)

- «Терроризм индекси»: Казакстан жана дүйнө. (инфографика)

- Кокон шаарында таксисттер акча талап кылган кылмыштуу топко чара көрүүнү талап кылышууда (видео)

- Казакстандык активист камактан качып кетип, кайра өзү колго түшүп берди. (Настоящее время)​

- Москва клиникасында комада жаткан өзбекстандык студент каза болду. (Өзбекстандан видео)

- Америкалык ыктыярчы Кыргызстанда ала качуу тууралуу тасма тартты. (видео Директ)

- Бишкекте дары-дармектин көмүскө базары кандай иштейт? (видео Директ)

- Азия 360°. уран калдыктарындагы жашоо. (видео)

- Фергана облусунун башчысы сакалчан фермерге жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартты. (Өзбекстандан аудио)​

- Кийиз дүйнө. Казакстандык чебердин эмгектери . (сүрөт баян)

- Сирияда адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө кимдер катышкан? Орус тилдүү бир катар маалымат сайттары адамдын зомбулук менен өлтүрүлүп жатканы тартылган видеону жарыялашты. Ал 2017-жылы Сирияда тартылган айтылууда. Журналисттердин версиясына ылайык, орусиялык жалданмачылар туткунга түшкөн адамды өлтүрүп, жиликтеп салышкан. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG