Ссылки доступа

Тажикстанда чек арадагы кол салууга аялдар жана балдар катышкан


Мухаммад Саидов
Мухаммад Саидов

Тажикстан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 6-ноябрдагы тажик-өзбек чек арасындагы кол салууга 9 эркек, 11 аял жана 4төн 15 жашка чейинки 11 бала катышканын маалымдады.

Атайын кызматтын өкүлү Мухаммад Саидов 26-ноябрда үй-бүлөдөгү зомбулукка арналган жыйында сөз сүйлөп жатып, чабуулда балдар кандай роль ойногонун айткан жок.

«Азаттыктын» тажик кызматы кол салуучулардын бири 8-класстын окуучусу экенин аныктады. Ал ошол күнү башка аймакта жашаган туугандары менен жолугуп келүү үчүн мектеп директорунан суранып кеткен. Мурда-кийин чет өлкөдө болгон эмес.

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда таңы саат 3төн өткөндө кол салуу болгон. Бийлик өкүлдөрү чабуулду «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. Кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери мерт болгонун билдирген.

«Азаттыктын» тажик кызматы милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, «Ишкобод» чек ара бекетиндеги кол салууда жалпысынан беш чек арачы жана бир милиция кызматкери өлгөнүн жазып, чек арачылардын баарынын аты-жөнүн жарыялаган. Мындай кабарды чек арачылар туулуп-өскөн аймактын башчылары да жарым-жартылай ырастап, маркумдардын сөөгү жерге берилгени маалым болгон.

Окуя болгон учурда өлкө президенти Эмомали Рахмон Европада иш сапар менен жүргөн. Ал күнү өлкөдө майрам болуп, Конституциянын 25 жылдыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG