"Бийлик Алматы шаарынан чыкпай, пробациялык кызматтын көзөмөлүнөн өтүп турушумду каалап жатса керек. Муну саясий чечим деп эсептейм. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуудан баш тартуунун башка себептери жок", – деди ал.
Ал эки жылдан бери пробациялык көзөмөлдө.
Мамай 9-ноярда саясий реформаларды өткөрүүгө чакырган митингге катышкан. Бирок Жаза аткаруу департаменти мындан мыйзам бузуу аракеттерин тапкан эмес.
31 жаштагы Жанболат Мамай 2017-жылы сентябрда үч жылга шарттуу кесилип, бул аралыкта журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынган. Ал акыркы он жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун БТА Банктан чыгарып кеткен каражатын адалдаштырган деп айыпталган. Мамай бул дооматтарды четке кагууда.
Октябрда активист жаңы партия түзүү ниетин билдирген. Ноябрдын башында пробация кызматы анын аймактарга чыгып, пикирлештери менен жолугуусуна уруксат бербей койгону айтылган.