Ссылки доступа

Өзбекстанда беш орусиялык жогорку окуу жай мыйзамсыз иш жүргүзгөн


Өзбекстанда Билим берүү сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция беш орусиялык жогорку окуу жай өзбек бийлигинен уруксат албай, абитуриенттердин документтерин кабыл алганын аныктады.

Инспекциянын маалымат кызматы билдиргендей, Орусиянын айрым жогору окуу жайлары Өзбекстан аймагында окуу жараяндарын жүргүзүүгө уруксат албастан, 2019-2020-жылдар үчүн абитуриенттер менен келишим түзгөн.

Алардын арасында Томск мамлекеттик университети, Каржы, экономика жана запастагы аскерлердин укугу институту, ошондой эле жеке жогорку окуу жайлары бар.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстанда Билим берүү сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциядан каттоодон өтпөгөн өкмөттүк эмес билим берүү мекемелердин дипломдору юридикалык күчкө ээ эмес.

XS
SM
MD
LG