Мекеменин билдирүүсүндө аткаминердин сөздөрү «конкреттүү бир адамга багытталбагандыктан жана эч кимге коркунуч туудурбагандыктан», анда «кылмыштын белгилери жок» деген бүтүм чыгарылганы жазылган.
16-ноябрда интернетке тараган аудиожазууда аткаминер Kun.uz сайтынын журналисттерин жок кыларын жана аларды элге кумса катары жарыялай турганын айткан.
18-ноябрда аталган сайт Жахонгир Артыкхожаев менен болгон талаш-тартыш жөнгө салынганын маалымдаган. Бирок ошол эле күнү басылманын эки журналисти жумуштан өз каалоосу менен кеткенин билдиришкен.