Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлерден мечиттин курулушуна акча чогултулууда


Ашхабадда курулуп жаткан мечит (архив сүрөт)

Балкан облусунун бийлиги аймакта курулуп жаткан объектилерди өз убагында бүткөрүү үчүн бюджетте иштеген кызматкерлердин айлыгынан 500 манаттан (расмий курс боюнча 142,8 доллар) кармап калууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик облустагы жеке ишкерлерди дагы курулуш иштерине жардам берүүгө милдеттендирди. Аймакта каражаттын жетишсиздигинен улам курулушу токтоп турган объектилердин арасында борбордук мечит дагы бар.

Кабарчынын айтымында, учурда мечиттин жарымы дагы курулуп бүтө элек. Буга бийлик бир жылдан бери жергиликтүү бюджеттен каражат бөлө албай жаткандыгы себеп болууда.

Маалыматка караганда, Балкан облусунун бийлиги курулуп жаткан мечитке президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын туугандарынын биринин ысымын берүүгө ниеттенүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG