Ссылки доступа

Каракалпакстанда жашоочулар газ маселесинен улам жол торошту (видео)


Каракалпакстандын Нукус районундагы Шортонбай айлынын 70тей жашоочусу газ берүү токтотулгандыгына байланыштуу автоунаа жолун тороду.

Район акими жана прокурору нааразылыкка чыккандар менен жолугушту. Натыйжада жашоочуларга 116 тонна көмүр жеткирилип берилди.

Бирок айыл турундары көмүрдүн сапаты төмөн экенин айтып, жаратылыш газы менен камсыздоону талап кылышууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, айылды газ менен камсыздоочу 16 чакырым узундуктагы газ кууру жарактан чыккан, буга байланыштуу жогорку басымга туруштук бере албайт. Учурда үйлөрдү акырындык менен газга туташтыруу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Бул маселеге байланыштуу атайын жумуш тобу түзүлүп, жашоочуларды альтернативдүү энергоресурстар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. 1541 түтүндүн ичинен аз камсыз 420 үй-бүлөгө жарым тонна көмүр, эки газ баллон жана он араба отун бекер берилүүдө.

Өзбекстанда күз-кыш мезгилинде электр энегриясы менен газ берүү тез-тез үзгүлтүккө учурап турат.

XS
SM
MD
LG