Ссылки доступа

Сырдарыяда айдоочулар метан газынын тартыштыгына байланыштуу жолду тосушту (видео)


27-ноябрда Өзбекстандын Сырдарыя районунда 50дөн ашык айдоочу метан газынын тартыштыгына байланыштуу Гүлистан-Ташкент жолун тороду.

Күбөлөрдүн айтымында, жол эртең менен саат 9дан тартып 11ге чейин буулган. Милиция акция катышуучуларын кууп тараткан.

Сырдарыя районунун акимчилиги аймакты метан газы менен камсыздоо техникалык себептен улам үзгүлтүккө учураганын, бул айдоочулардын нааразылыгын жаратканын маалымдады.

– Май куюучу жайда компрессор сынып калды, мындан кийин нааразы болгон айдоочулар жол торошту. Биз абалды түшүндүргөндөн кийин алар тарап кетишти. Түшүнбөстүк болуп калды. Май куюучу жайдын жетекчилиги маселени чечүүгө убада берди, – деди акимчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү.

Соңку мезгилде Өзбекстандын дээрлик бардык райондорунда дайыма метан газы тартыш болуп жатканы байкалууда.

Видео

XS
SM
MD
LG