«Жаңы Азербайжан» партиясынын аткаруучу катчысы Али Ахмедов бул кадам Алиевдин реформалар жана кадрдык өзөрүүлөр жаатындагы саясатын колдоого багытталганынын 28-ноябрда Бакуда өткөн маалымат жыйынында айтты.
Ал мыйзам чыгаруучу бийлик бутагын жаңылоо жана экономикалык реформаларды тездетүү үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтты. Улуттук Кеңешти таратуу маселеси 29-ноябрда парламенттик жыйында каралат.
Азербайжан президенти парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо укугуна ээ. Шайлоо парламент тарагандан кийин үч айдын аралыгында өтүшү керек.
Азербайжанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылы ноябрда өтмөк. 2015-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Илхам Алиевдин партиясы жеңишке жеткен. Азербайжандагы бардык оппозициялык партиялар шайлоого байкот жарыялап, катышышкан эмес.