Ссылки доступа

Атамбаевдин тарапташтарынын абактагы мөөнөтү узартылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Смайлов менен Амантур Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аларды 9-февралга чейин камакта калтырды. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Таш айылында болгон башаландыкка жана анда окко учкан УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө байланыштуу 10-августта камакка алынган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунун натыйжасында ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш окуясында мындан башка да жаракат алган бир топ адам күч кызматкерлеринен коркуп, ооруканага кайрылбай үйлөрүндө дарыланышканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG