Ссылки доступа

ИИМ Равшан Жээнбеков камакка алынганын тастыктады


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынганын ырастады.

Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Барымтага алуу") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштуруу") боюнча айып коюлган. Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурат.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.

XS
SM
MD
LG