Ссылки доступа

Казакстан ИИМ башчысы активисттердин камалышы боюнча комментарий берди


Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 13-декабрда активисттердин камалышы боюнча түшүндүрмө берди.

«Биринчиден, митингдер али боло элек. Бирок (буга чейин болгон митинггдер боюнча) административдик материалдар бар. Ошонун негизинде кармап жатышат. Мындай бизде күн сайын болот», – деди министр.

Жума башынан бери Алматы жана Нур-Султан шаарында 15тен ашык киши 10 суткадан 15 суткага чейин камалган. Алар тынч митинг өткөрүү тартибин бузууга айыпталышкан.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 16-декабрда өлкөнүн бир катар ири шаарларында митинг өткөрүү планын билдирген.

16-декабрь Алматыдагы антисоветтик демонстрациянын 33 жылдыгына жана Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуялардын сегиз жылдыгына туш келүүдө.

Мурдараак «Ойгон, Казакстан!» жарандык кыймылынын Алматыдагы активисттери да митингге чыгарын билдиришкен соң, эскертүү алышкан.

Эл аралык уюмдар казак бийлигин тынч митинг өткөрүүгө жолтоо болбоого жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG