Ссылки доступа

«Газпром» Стокгольм сотунун чечими менен Украинага 2,9 млрд. доллар төлөп берди


Орусиянын «Газпром» компаниясы Стокгольмдогу Арбитраждык соттун чечими менен Украинанын «Нафтогаз» ишканасына 2,9 миллиард доллар төлөп берди.

Төлөм тараптардын 20-декабрда Минскидеги жолугушуусунда жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашты.

«Нафтогаздын» аткаруучу директору Юрий Витренко каражат ишкананын эсебине келип түшкөнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ырастады. Эми украин тарап «Газпромго» карата газ транзитине байланышкан башка дооматтарынан баш тартышы керек.

2018-жылы февралда Стокгольмдогу Арбитраждык сот «Газпромду» «Нафтогаз» ишканасына 4,6 млрд. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирген. Жооп катары «Газпром» Украинага март айы үчүн алдын ала төлөм жүргүзүп, газ куурундагы басымды төмөндөтүп койгон.

Видео

XS
SM
MD
LG