Ссылки доступа

Түркмөнстанда сабак калтырган окуучулардын саны көбөйүүдө


Мары шаарында жогорку класста окуган айрым окуучулар ата-энесине материалдык жактан жардам берүү үчүн жумасына бир жолу гана сабакка барышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

«Маселен, шаарда автоунаа жуучу жайларда иштеп жаткан окуучуларды көрүүгө болот. Алар машиненин ичи-тышын 20 манатка жуушат. Тапкан акчаларынын жарымын автоунаа жуучу жайлардын ээлерине беришет», – деди аймактык кабарчы.

Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манат турат.

Маалыматка караганда, көптөгөн балдар каражаттын тартыштыгынан Жаңы жылга арналган майрамдык иш-чараларга катышкан эмес.

Түркмөнстанда соңку үч жылдан бери экономикалык каатчылык өкүм сүрүүдө. Бийлик көйгөй бар экенин мойнуна ала элек, мамлекеттик ЖМКлар болсо бул тууралуу үн катпайт.

Видео

XS
SM
MD
LG