Ссылки доступа

ИИМ: Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду


Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду. Бул тууралуу 5-январда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкүнө карата эч кандай чечим кабыл алынбаганы айтылат.

«2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында Жазык-процессуалдык кодекстин 123-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыш боюнча шек саналгандардын мүлкү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкү камакка коюлган эмес», деп билдирди ИИМ.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Атамбаевге жана анын айрым тарапташтарына айып коюлуп, камакка алынган. Кээ бирлери үй камагында.

XS
SM
MD
LG