Ссылки доступа

Ирак парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгарууну колдоду


Иракта парламент чет өлкөлүк аскерлердин баарын өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алды. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөнү негиз болду.

Мыйзам чыгаруучулар Ирактын аймагынын, анын ичинде аба жана суу мейкиндиктеринин чет өлкөлүктөр тарабынан колдонулушуна тыюу салуу чараларын кабал алуу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган.

Резолюцияга ылайык, өкмөт «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы түзүлгөн коалиция менен макулдашууну токтотот.

Анын алдында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адил Абдул Махди АКШ баштаган бир катар мамлекеттер менен болгон мамилени кайрадан карап чыгуу зарыл экенин билдирген.

Ирак өз аймагында Касем Сулеймани өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Кошмо Штаттарды «өлкө эгемендигине шек келтирди, ички ишке кийлигишти, эл аралык мыйзамдарды жана нормаларды бузду» деп айыптаган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

Видео

XS
SM
MD
LG