Ссылки доступа

Тажикстанда армияда эки ай кызмат өтөгөн жоокер каза болду


Тажикстандын Согди облусунун 21 жаштагы тургуну Равшан Азизов армияда эки ай кызмат өтөгөндөн кийин каза болду.

Бийлик жоокердин алкым көңдөйүндө онкологиялык дарты болгонун билдирүүдө. Бирок маркумдун туугандары аскерге чакырылганга чейин анын оорусу болбогонун, аскер бөлүгүндөгү шарттардын начардыгынан улам дартка кабылган болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат.

— Уулум үйдө жалгыз бала болгондуктан армияга чакырылбаш керек эле. Октябрда тиешелүү документтерди алып кетүү үчүн аскердик комиссариатка чакырып, ошол жактан армияга алып кетип калышкан. Мага дем алуу органдары ооруп жатканын айтышкан. Андагы муздак жана начар шарттар өз ишин кылды. Эгер уулумду өз убагында дарылай баштаганда, ал тирүү калмак, — деди маркум жоокердин атасы Уктамжон Исоев.

Равшан Азизов армияга быйыл октябрда чакырылып, 17-декабрда ооруканада каза болгон.

Республикалык онкологиялык борбордогу текшерүүлөрдүн биринде анын алкым көңдөйүндө онкологиялык дарты бар экени айтылган.

Тажикстандын Кыйноого каршы коалициясынын маалыматына караганда, 2014-жылдан 2016-жылга чейин армияда кызмат өтөп жаткан аскерлердин туугандарынан 60тан ашык кайрылуу келип түшсө, алардын 11де жоокердин өлүмү тууралуу айтылган.

XS
SM
MD
LG