Ссылки доступа

АКШ Түркмөнстандагы жарандарын сак болууга чакырды


АКШнын Ашхабаддагы элчилиги Түркмөнстандагы жарандарына аймакта абал курчуп турганын эскертип, аларды сак болууга чакырды.

Америкалык элчиликтин мындай билдирүүсү 4-январда жарыяланды. 3-январда Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани Багдад аэропортунун жанында АКШнын аба соккусунан мерт болгон. Мындан улам Жакынкы Чыгышта абал курчуп кеткен. Иран бул чабуул үчүн АКШдан өч аларын убадалаган.

Ишемби күнү Ак үй Жакынкы Чыгышка кошумча 3 миң аскер жөнөтөрүн билдирген.

Ал ортодо АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран каршы чабуул жасай турган болсо Ирандын 52 объектисине сокку уруларын эскертти.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

Бул окуядан кийин Вашингтон дароо Ирактагы элчиликтеринин ишин токтотуп, бардык жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Пентагон иран генералын жок кылуу операциясы Дональд Трамптын жеке буйругу менен ишке ашканын ырастаган.

XS
SM
MD
LG