Ссылки доступа

Хорватиядагы президенттик шайлоодо Зоран Миланович алдыда келатат


Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи турунда өлкөнүн мурдагы премьер-министри, оппозициялык Социал-демократтар партиясынын лидери Зоран Миланович алдыда келатат. 5-январдагы добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыгына ылайык, ал шайлоочулардын 53 пайызынын колдоосуна ээ болду.

Бийликтеги «Хорватиянын демократиялык биримдиги» партиясы колдогон учурдагы президент Колинда Грабар-Китарович добуштардын 47 пайызын алды.

Эки жума мурда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда Милановичке 29,55%, Грабар-Китаровичке 26,65% добуш тийген.

51 жаштагы Колинда Грабар-Китарович Хорватияны 2015-жылдын январынан бери башкарып келет. Ал өлкө тарыхындагы алгачкы аял президент болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG