Ссылки доступа

БУУнун баш катчысы АКШ менен Иранды сабырдуулукка чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш Иран генералы Касем Сулейманинин өлүмүнөн улам Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин чыңалуусуна байланыштуу тараптарды сабырдуулукка чакырды.

— Жаңы жыл дүйнөдө толкундоолор менен башталды. Биз кооптуу учурда жашап жатабыз. Бул жүз жылдыкта геосаясий чыңалуу эң жогорку чегине жетти. Мен бардык дүйнө лидерлерин эскалацияны токтотуп, сабырдуу болуп, диалогду баштап, эл аралык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чакырам, — деди Гуттериш уюмдун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде.

6-январда Тегеранда жүз миңдеген адам генерал Касем Сулеймани менен коштошуу үчүн көчөлөргө чыккан. Ал 3-январда АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Иракта өлтүрүлгөн.

Иран Сулейманинин өлүмү үчүн Кошмо Штаттардан өч аларын билдирип, 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен.

Трамп эгер Тегеран АКШнын кызыкчылыктарына сокку ура турган болсо, Ирандагы бир катар объектилерди бутага аларын эскерткен.

«Кудс» элиталык аскердик бөлүгүн жетектеген 62 жаштагы Сулеймани Тегерандын чет өлкөлөрдөгү чалгындоо жана аскердик операцияларын уюштуруп келген.

XS
SM
MD
LG