Ссылки доступа

ЖМК: АКШ Ирандын ТИМ башчысына виза берүүдөн баш тартты


АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин Нью-Йорктогу жыйынына катышуу үчүн бара турган Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифке виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Reuters жана Foreign Policy басылмалары америкалык өкмөттөгү өз булактарына таянып билдиришти.

Азырынча иран аткаминерине эмне себептен виза берилбей жатканы тууралуу кеңири маалымат жок. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

ЖМКлардын маалыматына караганда, мындай чечим ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин жаралган Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууга байланыштуу кабыл алынган.

Басылмалар Ирандын ТИМ башчысы үчүн БУУнун жыйыны дүйнө коомчулугун Сулейманинин өлүмүн айыптоого түздөн-түз чакыра турган алгачкы мүмкүнчүлүк экенин белгилешүүдө.

БУУнун иш-чарасына катыша турган адамга виза берүүдөн баш тартуу — 1947-жылы түзүлгөн макулдашууга каршы келет. Документке ылайык, АКШнын бийлиги БУУнун Нью-Йорктогу иш-чарасынын бардык катышуучуларына виза берүүгө милдеттүү.

Foreign Policy басылмасы белгилегендей, Ирандын министри визаны «бир нече жума мурда» сураган.

Вашингтон коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү максатында виза берүүдөн баш тартууга укуктуу экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG