Ссылки доступа

Элис Уэллс: Ирандын аракети Тажикстандын туруктуулугуна коркунуч жаратат


АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс соңку жылдары АКШнын Тегеранга карата кабыл алган чаралары иран бийлигинин аракеттерине жооп болуп эсептелерин билдирди.

Бул тууралуу америкалык дипломат 7-январда Душанбеде журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты.

Өз сөзүндө Элис Уэллс АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүн колдоду.

Касем Сулеймани 3-январда Багдаддын эл аралык аэропортунда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон.

Элис Уэллс Касем Сулеймани америкалыктарга чабуул жасоону жигердүү түрдө пландап жүргөнүн айтты:

– Ал көптөгөн америкалыктардын өлүмү үчүн жооптуу, – деди дипломат.

Ошол эле маалда ал АКШнын максаты Иран бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан зомбулукту токтотуу экенин белгиледи:

– Иран сиздердин өлкө менен чектеш Сирия, Ливан, Ооганстанда эмне гана кылып жатат. Иран пайда кылып жаткан хаос жана башаламандык Тажикстандын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч жаратууда. АКШ Иранды токтото турган чараларды көрүүдө, – деди Уэллс.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс 6-7-январь күндөрү Душенбеде болду.

XS
SM
MD
LG