Ссылки доступа

Түркмөнстанда “Жер астындагы алтылык” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды


Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү бийлик Батышка, анын ичинде Кошмо Штаттарга каршы пропаганда жүргүзө баштады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, буга окуялары жана каармандары Түркмөнстанды элестеткен “Жер алдындагы алтылык” (6 Underground) тасмасы себеп болгон.

Мектептерде, маданият үйлөрүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүм кызматкерлеринин катышуусунда лекциялар өткөрүлүүдө. Жолугушууга бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, жогорку класстардын окуучулары чакырылууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, жолугушууда сөз сүйлөгөн чечендер “Америка түркмөн мамлекетинин душманы экенин, АКШ бул өлкөнү жок кылуу үчүн чоң иш жасап жатканын” айтышкан.

Жергиликтүү бийлик жаңы фильмдин көмүскө прокатынын жайылышына каршы чара көрүп жаткан маалда тасманы көрүүнү каалагандардын катары көбөйүүдө.

Америкалык Netflix компаниясы тарабынан 13-декабрда жарык көргөн тасманын триллеринде заманбап Түркмөнстанды элестеткен деталдар бар. Бюджети 150 миллион доллар турган фильм ойдон чыгарылган Тургистан аттуу өлкөнүн зулум диктаторун жок кылып, демокартия алып келүүгө аракет жасаган америкалык миллиардер жөнүндө тартылган.

XS
SM
MD
LG