Ссылки доступа

Казакстанда прокурор менен соттун корук аймагында кармалышы боюнча текшерүү башталды


Казакстандын Актөбө облусунда Иргиз райондук сотунун төрагасы Бакытжан Ерландын өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагында кармалышы боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык териштирүү коруктун аймагында кармалган Иргиз районунун прокурору Айдос Сагындыковго карата да башталды.

3-январда Иргиз-Тургай мамлекеттик жарытылыш коруктарынын аймагында алты адам кармалганы кабарланган. Аларга карата «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагында жүрүү тартиптерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар анда мыйзамсыз балык уулап жүрүшкөндүгү айтылган.

Видео

XS
SM
MD
LG