Ссылки доступа

Түркмөнстанда ата-энелер бала бакчалардагы жемкорлукка даттанышууда


Түркмөнстандын Мары облусунун тургундары балдарын бала бакчага киргизүүдө кыйынчылыктарга кабылып, пара берүүгө аргасыз болуп жатышканын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, парасыз баланы бала бакчага киргизүү дээрлик мүмкүн эмес:

— Пара бербесең жылдап кезек күтүүгө туура келет. Айрым ата-энелер балалуу болору менен эле бала бакчага кезекке туруп коюшат, бирок 4-5 жылда да кезек келбей калган учурлар бар. Эгер пара берсең дароо эле кабыл алышат. Мисалы, райондук бала бакчаларга киргизүү үчүн 400-1000 манат (114-285 доллар), шаардык бала бакча үчүн 1000-2000 манат (285-570 доллар) берүү керек, — деди жергиликтүү тургундардын бири.

ЮНИСЕФ уюмунун баяндамасына ылайык, Түркмөнстанда балдардын жарымынан азы гана бала бакчаларга барышат.

«The Risk Advisory Group» уюмунун былтыр апрелде жарыяланган рейтингинде Түркмөнстан жемкорлук жашоочулар үчүн кыйынчылыктарды жараткан өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунга жайгашкан.

Видео

XS
SM
MD
LG