Ссылки доступа

HRW Шинжаңдан качып келген казактарды Кытайга кайтарбоого чакырды


Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Нур-Султанды чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталган кытайлык казактар — Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулыны Шинжаңга өткөрүп бербөөгө үндөдү.

Уюмдун өкүлдөрү Кытайдын кысымынан качып келип, Казакстандан башпаанек сураган эки жаран Шинжаңга кайтарсылса, ал жакта куугунтукка учурашы мүмкүн деп кооптонушууда.

«Бийлик чек арадан мыйзамсыз өттү делген эки жаранга тагылган айыпты алып таштап, бул жараянды токтотууга тийиш жана алардын башпаанек суроо өтүнүчү али каралбагандыктан, бул эки жаранды Кытайга депортациялабоого кепилдик бериши керек. Казакстан ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эл аралык милдеттенмелерин мойнуна алып, бозгундардын укуктарын сыйлаган жана кыйноого кабылышы мүмкүн өлкөгө кишилерди кайтарбай турган мамлекет катары өзүн көрсөтө алат» деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Amnesty International укук коргоо уюму да ушундай эле чакырык жасаган.

Казакстанда Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген эки казактын иши боюнча 6-январда башталган сот отуруму 21-январга жылдырылган.

30 жаштагы Кастер Мусаканулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы Шинжаңдан чыгып, 1-октябрда Кытай чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн. Камакка алынганга чейин Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айткан. Алар Казакстандан башкалка сурап, Кытайдагы үй-бүлөсүн куугунтуктан коргоону өтүнүшкөн. Бирок 20-октябрда сот экөөнү тең камакка алуу чечимин чыгарган.

Видео

XS
SM
MD
LG