Ссылки доступа

Өзбекстанда мурдагы дипломат мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен соттолду


9-январда Өзбекстандын Аскердик соту Тышкы иштер министрлигининин (ТИМ) мурдагы кызматкери Кодиржон Юсуповду мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыратты.

Кодиржон Юсупов дээрлик 30 жыл Өзбекстандын Австриядагы, Словакиядагы, Улуу Британиядагы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү жана ЕККУдагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген. 2002-2003-жылдары өлкө ТИМинин басма сөз кызматын жетектеген. 2009-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес.

68 жаштагы Юсупов «мамлекетке чыккынчылык кылуу» айыбы менен 2018-жылы декабрда кармалган. Ал ошондон бери Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкенттеги тергөө абагында камакта отурат. Анын иши боюнча сот отурумдары жабык өтүүдө.

2019-жылы жайында «Хьюман Райтс Вотч» эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин Кодиржон Юсуповду тез арада эркиндикке чыгарууга чакырган. Уюмдун билдирүүсүндө мурдагы дипломат абакта кыйноого кабылып, анын ар-намысы тебеленип жатканы жазылган.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, камакка алынгандан кийин Юсуповго адвокат тандап алуу укугу берилген эмес. Ошондой эле ал зарыл болгон дары-дармектерди алуу мүмкүндүгүнөн ажыратылган.

Юсуповдун туугандары ал Ташкенттеги ооруканада дарыланып жатканда кармалганын билдиришкен. Алардын айтымында, мурдагы дипломат 1995-жылдан бери оор психикалык оору менен жабыркап келет.

Видео

XS
SM
MD
LG