Ссылки доступа

Түркияда өзбек жаранын өлтүрүүгө шектелип эки түркмөнстандык кармалды


Стамбулда өзбек жаранын өлтүрүп, мекендешин жарадар кылууга шектелип Түркмөнстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу 9-январда түрк басылмалары кабарлашты.

«Миллиет» гезитинин маалыматына караганда, 1-январь күнү кечинде Стамбулдун Эсенюрт районунун тургундары бычактан жаракат алган адамды таап, тез жардам кызматын чакырышкан.

— Жаракат алган 23 жаштагы түркмөн жараны реанимацияга жаткырылып, үч күндөн кийин эсине келген. Андан соң ал көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тааныштары менен уруша кетип бычак жегенден кийин качып чыкканын, анда дагы бир өзбекстандык каза болгонун айтып берген, — деп жазды гезит.

3-январда түрк полициясы Бейликдүзү суусунун жээгинен бычактан алган жаракатынан улам каза болгон өзбек жаранынын сөөгүн табышкан.

Бул кылмышка шектүү катары Түркмөнстандын 44 жаштагы жараны, анын жубайы жана 35 жаштагы өзбекстандык кармалып, сурак маалында күнөөлөрүн толук моюндарына алышкан.

8-январда сот кармалгандардын бөгөт чарасын карап, аларды камакка алуу чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG