Мыйзам долбоору премьер-министр Борис Жонсон менен Брюсселдин ортосунда түзүлгөн келишимге негизделген. Документ октябрдагы версиясынан бир топ айырмаланат. Анда Жонсон процедуралык добуш берүүгө бөгөт койгон, мындан кийин парламентте мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган. Шайлоонун жыйынтыгы менен 12-декабрда Жонсон башында турган консерваторлор жеңишке жеткен.
Мыйзам долбооруна ылайык, Британия Евробиримдиктен 2020-жылдын 31-январында чыгат. Мындан кийин Брюссель менен жаңы соода келишими түзүлөт.