Ссылки доступа

Журналист Болот Темировго кол салууга шектүүлөр кармалды


«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду сабаган деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармаган. Баары тең Жалал-Абад облусунда туулган.

Кармалгандар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Милиция азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирди.

XS
SM
MD
LG